Ош менен Тараз шаарларынын мамилелери күчөйт

101
Бүгүн, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев менен Казакстан Республикасынын Тараз шаарынын мэриясынын акиминин орун басары Дауир Даулетов жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Өз сөзүндө Марс Исаев Ош шаарынын 3 миңден ашуун тарыхы бар Ош жөнүндө кыскача баяндап, Ош шаарынын мэриясы казак тарап менен келечектүү долбоорлорду түзүүгө даяр экендигин билдирди.
Дауир Даулетов кыргыз-казак бир тууган калк экенин белгилеп, 2 миң жылдык тарыхы бар Тараз менен Ош шаары ортосунда достукту бекемдөө, өз ара мамилелерди чыңдоого багытталган иш-аракеттерди жүргүзүү ниетин билдирип, Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.
Жолугушуунун соңунда, тараптар мындан аркы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча макулдашышты.
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү  

Leave A Reply

Your email address will not be published.